Арстан Алайдан жооп: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!

Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормонов социалдык тармактарда өзүн кудай сезип, “Мен Кудаймын” деген адамдарга  карата кандай чара көрүлөөрүнө кызыкты.

    Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов депутаттын суроосуна жооп берип жатып бул  боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп  жатканын билдирди.

Эл өкүлү  теңирчилер диний уюм катары катталбаса, анда уюмдун өкүлү Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп үгүт жүргүзүп жатканына карата чара көрүлүшү керектигин айтты.

Ал ортодо бул боюнча Арстан Алай төмөндөгүдөй жооп кайтарды.    

“Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт! Улуу кыргызды коркутуп, мокотуп башкарганга болбойт, Анткени ааламдан буйрулган укугу көп. Мисалы: Жамгыр жаадырган, умайлык кылган. Кыргыз-Теңирдин жердеги көчүрмөсү. Азыр бийлик мени жоопко тарткысы келип жатат. Мен чындыкты сүйлөйм. Чыныгы ишимди кылам” дейт ал.

  Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *