Арстан Алайдын колдогондор кошо дүрбөштү

Мезгил

“Мен жердеги Кудаймын” деп жөөлүгөн Арстан Алайга айып пул салынган. Бирок аны колдогон аялдар тобу журналисттерге кайрадан маалымат жыйынын беришти. Анда «Кудай деген сөз материя эмес, энергия. Биз дагы кудайбыз, бизге да иш козгошсун”, – деп док артышты. Ал тургай эртең Биринчи май райондук прокуратурасына өздөрүнө иш козгошун талап кылып барышаарын, эгер козгошпосо, 25-октябрда Башкы прокуратурага барышаарын билдиришти.

Мындай жосунга бийлик, укук коргоо органдары тыюу сала албаса, бул “жугуштуу илдет” коомчулукка бүлгүн салаарын ойлогон киши бар бекен? Деги алакандай Кыргызстанды эшектин этин сатуу, бачабаздык, педофилдик, эркетердин кашына сурма коё башташы сыктуу негативдер менен дүйнөгө терс жагынан таанытып бүтмөй болдук го.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *