Асел Кадырбекова эсине келип сүйлөп баштады. Ал кадимки палатага которулду

  Мезгил

Асел Кадырбекова эсине келип, сүйлөп баштады. Бул тууралуу Травмотология жана ортопедия улуттук борборунун башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков билдирди. 

  Ал жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, кадимки палатага которулду. Апасын жана башка адамдарды тааный баштады. Бирок ал көбүнчө уктап жатат. Апасы дайым жанында болуп, тамак берип жатат.

Учурга карата Асел Кадырбекованын абалы туруктуу. Эске салсак, ырчы 26-июнда жол кырсыгына кабылып, ошондон бери комада болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *