Аселдин апасы: Кызым экөөбүз жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы?

   Мезгил

Ырчы Асель Кадырбекова кечээ жакында эле ооруканадан жаңы чыгып көп өтпөй Инстаграм баракчасына өзүнүн салонун жарнама кылып пост жүктөгөндүгү  интернет колдонуучулардын талкуусун жаратты. Алар дароо эле салонун жарнамалабай, катталуучуларына ыраазычылык айтып пост чыгарса болмок деген пикирлерин жазышты.

  Ал эми бул тууралуу   ырчынын апасы Дилбар Монокбаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, аталган постту өзү жазганын билдирди.

“Сиздерден сураныч, негатив жазган инсандар, кызым экөөбүз жөнүндө аябай жаман сөздөрдү жазып моокумуңуздар кандыбы? Эмне маалымат уккуңуздар келди? Ооба, кызым ооруканадан аман-эсен чыкты. Кудайга шүгүр! Жандандыруу бөлүмүндө иштеген бардык медицина кызматкерлерине таазим кылам! Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Буюрса акырындап өзүнө келе баштады. Убакыт керек экен. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет карап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек! А салон жөнүндө жазгандарга, реклама кылбай кызын жөнүндө маалымат бербейсиң дегендерге! Салонду реклама кылуу менин ишим! Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар,энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп! Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле! Бизнести токтотсок артка кетет,кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын,нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот. Эч кимди балам деп сыздатпасын! Дуа кылып, кызым үчүн сарсана болгонуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем!” – деп калтырган ал өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына учурап бир апта кома абалында жаткан. Ал эми ден соолугу жакшырган соң ага операция жасалып  үйүнө чыгарылган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *