Ашхабад: Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмон менен жолугушту. Эмне жөнүндө сөз болду?

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуунун алкагында Тажикстан Републикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны өстүрүү, анын ичинде чек ара кызматташтыгы да талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон жакынкы келечекке кызматташуунун артыкчылыктуу пландарын белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *