Асия Сасыкбаева: Бул чечим абдан кеч болуп калды. Мурда болгондо Кой-Таштагы окуя болбойт беле?

Мезгил

Жогорку сот кечээ 21-августта  «Ат-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебевдин жана экс-элчи, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү. Ал эми соттун чыгарган чечими боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева бул өтө кеч чыгарылган чечим болуп калды дейт.

-Соттун чечими туура болду. Бирок менин жеке оюм боюнча бул абдан кеч болуп калды. Анткени Өмүрбек 3 жыл өмүрүн колонияда өткөздү. Бул адилетсиздик болду. Мурунку  бийликтин  чыгарган оюндары боюнча Атамбаевдин жеке өзүнүн оппонентке кылган мамилеси болуп калды. Мунун баардыгы ошонун кесепетинен болду десем болот.    Ал адам үч жылдын ичинде мамлекетке канчалаган салымдарды кошмок, канча деген мыйзам долбоорлорун чыгармак. Балким саясатта башка өзгөрүүлөр да  болмок. Балким Кой-Таштагы окуялар болбой, адам өмүрү кыйылмак эмес деген ойго келет экенсиң- дейт мурдагы депутат.

 Белгилей кетсек кечээ, Жогорку сот Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебевдин жана экс-элчи, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап  жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу буга чейин чыккан өкүм жокко чыгарылып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *