Аскар Акаев үн катты, келерки шайлоодо “Ата Мекенди” сүрөйт окшойт

    Мезгил

Мурдагы президент Аскар Акаев «Азия news» гезитине берген маегинде «Өмүрбек Текебаев эң тажрыйбалуу депутат деп айтсам жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишине ал дайыма активдүү катышып, мыйзам чыгарууга олуттуу салымын кошо алган. Акыркы жылдары ал саясий куугунтукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталышына жол ачылды десек болот. Феликс Кулов менен, тилекке каршы, эч кандай байланышым жок. Бирок, жакында эле анын «Акаев өлкөгө кайтып келиши керек» деген пикирин угуп калдым. Феликс Шаршенбаевичке бул үчүн ыраазычылык билдирем жана бардык жакшылыктарды каалайм»,  деген.

Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Демейде шайлоо алдында “Ата Мекенди” колдогон желаргы батыштан согуп келген болсо, бул ирет Маскөөнүн Барвихасынан сого баштады окшойт. Абакта жатканда колдоочуларын жоготуп алган Өмүрбек Текебаев үй камагына чыкканы бирде Сооронбай Жээнбековду жактаган болуп, бирде Түштүктө түшүп кеткен аброюн жогорулатам деп Бакиевди тымызын “мактап” келет. Кыйды саясатчы Аскар Акаевге да тузагын жая баштаган окшойт. Эгерде эртең Өмүрбек Текебаев Аскар Акаев туңгуч президент эле, өлкөгө алып келели, ансыз деле кызы Бермет Кыргызстанда беймарал басып жүрөт деп чыкса таң калбай эле койгула. Кыргыз саясатчыларынан баарын күтүүгө болот.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *