Аскар Салымбеков: Пакет жоголбосо Ысык-Көл сазга айланат

Мезгил

Кереметтүү көлүбүз сазга айланып кетерине аз калыптыр. Аскар Салымбеков бул тууралуу коңгуроо какты.

Муну бизнесмен-саясатчы Түштүк Кореялык эколог Джонг Тэвунанын иликтөөлөрүнө таянып айткан. “Мен анын Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынын тазалоо курулмалары заманбап талаптарга жооп бербей тургандыгы боюнча коңгуроо кагууларын колдоого алам. Ошондой эле келерки жылдан баштап желим баштыктарды саттырбоо боюнча демилгеге толугу менен кошулам”, – деп жазган Аскар Салымбеков социалдык баракчасына.

Салымбеков туура маселе көтөрүптүр. Айрыкча кыргыз керемети Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу маселе козгологон учурда аны сөзсүз колдоого алабыз. Шайлоонун болор датасы белгиленгени, саясат акырынан “жем” жеп, бизнесин кошо калкалагандар да ордуларынан козголо баштады. Бирок Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын кошоктоп алып ара жол, ач белде калтырган, ал тургай Раиса айымга хан сарай тартуулады деп айтышып жүргөн Салымбеков бул ирет шайлоого саясий амбиция менен эмес, экология маселеси менен аттанганы камынып жатат окшойт. Бул деле жакшы жөрөлгө, дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде экологияны саясаттан бийик коюшкан “Жашылдар партиясы” дегендер бар эмеспи. Мындай партия бизде деле бар беле? Салымбековдун кытайдан желим баштыктарды ташып келип соода кылган дордойчулары, “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү башчысынын бул демилгесине кандай карашар экен? Пакетке тыюу салуу чөнтөөкө зыян эмес беле?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *