Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт

  Мезгил

Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, тиешелүү чечимге  премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. 

Бул чечим өкмөттүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *