Аскер прокурору Набиев: “Ал ким болбосун сөзсүз түрдө жооп берет…”

Мезгил

УКМК өзү бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан материалды Аскер прокуроруна өткөрүп бериши керек. Бул тууралуу Аскер прокурору Нуркамил Набиев билдирди.

Анын айтымында бул иш баары бир чыгат. УКМК өзү бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан материалды Аскер прокуроруна өткөрүп бериши керек.

 -Азырынча бизге эч кандай материал келип түшкѳн жок. Бирок, далил зат катары алынган акча жоголгону чын болсо, анда бул маселе жөн калбайт. Чындап эле мындай калпыстыкка жол берилгени тууралуу факты тастыктала турган болсо, ал ким болбосун сөзсүз түрдө жооп берет. УКМК өзү бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, анан материалды Аскер прокуроруна өткөрүп бериши керек. Биз иш козгоп, ага тиешеси бар адамдарды жоопко тартышыбыз зарыл -деди Нуркамал Набиев.

Аскер прокурору пара алуу фактысындагы негизги далил, ошол пара катары анын жанынан табылган акча болот. Ошол акча сөзсүз түрдө болушу керек. Ал далил зат иштин материалдары менен кошо сотко жиберилип, аны сот соттук териштирүү учурунда карап чыгышы керек. Эгерде ал жок болсо, анда сот пара алган деп шек саналган адамды актап жибериши мүмкүн деп кошумчалайт.

-Акчалай далил заттын ордуна башка акчаны ордуна койгонго болбойт. Далил затты адатта тергөөчү өз сейфинде сактайт же ал далил заттарды сактай турган камерада турушу керек. Тергөөчү аны камерага тапшырса, анда ошол жердин башчысы жооп берет. Эгерде далил зат тергөөчүнүн өзүндө болуп, анын сейфинен жоголсо, анда буга тергөөчү өзү жооп берет.

Бул жерде кылмыш жоопкерчилиги бар. Бул факты ырасталса, анда анын кесепети катары сот Чалбаевди актап жибериши да мүмкүн. Тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал жоопко тартылат-деди Нуркамил Набиев.

Бир катар ММКлар бул ишке парламент депутаты Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгуловдун катыштыгы бар экенин жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Бакай Ишенгулов ал акчаны өзүнүн жетекчиси- тергөө башчысынын иш бөлмөсүнөн алып кеткен. Уурдоо дем алыш күнү, УКМКнын башкы кеңсесинде эч ким жок учурда жасалган. Бул учур иш бөлмөдөгү жана коридордогу видео байкоого түшүп калышы керек эле. Бирок ал тасма бар экени жана ага Ишенгулов түшкөн-түшпөгөнү тууралуу белгисиз.

Булактар бул иштен кийин эле Ишенгулов «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаа айдап калганын белгилешкен. УКМК тараптан Канат Исаевдин өзүн да көрүшкөн. Эл өкүлү күйөө баласы кабылган маселени жайгаштырып, акчаны кайра кайтарып берүү аракетин көргөн болушу мүмкүн деген божомолдор айтылат.  Бакай Ишенгулов бул окуядан кийин УКМКдан өз каалоосу менен бошонуп кеткен деген сөздөр бар.

Эскерте кетсек, Улан Чалбаев 2018-жылдын апрель айында пара алып жаткан жеринен кармалган. 200 миң доллар “Ага Хан” фондунун Жогорку Кеңештин экс депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгон.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *