Аспеков Турсунбековдун үстүнөн арызданып

Мезгил

Мелис Аспеков деген жарандык активист 1 ай мурда Чыныбай Турсунбековдун үстүнөн арыз жазыптыр. Анда депутат Бишкектеги арак заводун жана “АкылИнвестБанкты” жасалма банкротко учуратуу жолу менен басып алган. Бул тууралуу мыйзам чегинде жоопко тартып бергиле деген маселенин үстүнөн арыз жазыптыр Аспеков.

Ал эми депутат бул тууралуу мурда эле пикирин билдирип келген. Учурда командировкада жүрөт экен. Ал эми президенттин аппараты Башкы прокуратурага ишти тыкыр карагыла деп тапшырма бериптир.

Созолоно сүйлөгөн, башка депутаттардан сабырдуулугу, маданияттуулугу менен айырмаланган Чыныбай Турсунбеков кантип эле Бабановго окшогон рейдер болуп чыга келсин дегенге ишенбей турабыз. Балким капчыгына ченеп, завод менен банктын мүлкүн сатса сатып алгандыр. Деги чындык кепти өзү келгенде айтып, мыйзамдуулугун Башкы прокуратура териштирип чыгар, күтө туралы.

Ал эми жарандык активист болгон Мелис Аспеков тууралу коомчулук аз да болсо кабардар чыгар.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *