Асрандиев: Эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүп, теңинен көбүн алдык

  Мезгил

Эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча макулдашуу болгон. Бул тууралуу  бүгүн онлайн  маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал “бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон. Ал каражаттын жарымынан көбүн – 321 млн долларын алдык. 306 млн долларды күтүп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле  “Жалпы сумманын 26%ы грант түрүндө алынууда – 166 млн доллар. Калган 461 млн доллар жеңилдетилген насыя катары берилүүдө. Алардын шарттары: мөөнөттөрү 10 жылдан 20 жылга чейин, үстөгү 0,7-1,5%, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт каралган”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *