Астанада өрт кырсыгынан 5 жаш бала каза болду

Мезгил

Астанада жеке турак-жайлардын бириндеги өрттөн улам беш бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн казакстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

 Маалыматка ылайык,  өрт дүйшөмбүгө караган түнү шаардын Шынгыстау көчөсүндөгү үйдө болуп, анын чатыры урап кеткен. Жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышкан. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда алардын үйдө өзүлөрү гана болгону айтылууда. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *