Асылбек Маратов: Катачылык менден кетип калды. Кечирип коюңуздар!

  Мезгил

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге аза күтүлүп жаткан маалда, анын шакирти төкмө акын Асылбек Маратовдун “маркум Элмирбек Иманалиевге ошол учурда дарыгерлер кайдыгер мамиле кылып, биринчи жардам өтө кеч көрсөтүлгөн” дегени коомчулукта  кызуу талаш-тартышка жем таштады.

Интернет колдонуучулар  эмне себептеп Элмирбек Иманалиевге дароо таз жардам көрсөтүлбөгөнүн айтышып, бул боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүлүшү керектигин айтышкан.

Ал ортодо акын Асылбек Маратов  Би-Би-Сиге  муну күйүт менен ооздон чыкканын айтты.

 -Алды менен өнөрдү сыйлап, залкар устатыма күйөрмандык кылып келген жалпы журтка көңүл айтам. Мындан ары жалаң жакшылыктын кебин сүйлөйлү. Эми сиз узаткан соболго келсем ал-бул деп сөздү көбөйтүп, актангандай түр көрсөтө бербейин. Бул жерде жаным ачышып турганда каталык, сөздөн чекилик кетирип алдым. Эл ошого удургуп кетти. Устатымды үйүнөн “Тез жардам” алып кетти дегенди угуп эле чапкылап артынан жөнөдүм. Мен барганча эле тиешелүү аракеттерин көрүп, Фучик тараптагы ооруканадан президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага алып келишиптир.

Мен ошол жерден барып калдым. Эсибиз чыгып турганда такталбаган бир топ кеп сөздү уктум. Элмирбек байке үзүлүп кеткенин билгенимде эңги-деңги эле болуп калдым. Айлангөчөк болуп жүргөнүбүздө, айланчыктап жүргөн журналисттер суроо салып калды. Күйүт менен ооздон чыкканын айткан экем. Кыязы, бирөөнү күнөлөп өзүмдү сооротсом керек. Анан эле “бул сөз кайдан чыкты болуп” талаш-тартыш башталган экен. Акын агам Мирлан Самыйкожо болгонун болгондой Facebook аркылуу жазган экен. Ал киши ал жерге менден мурун барган адам катары окуяны толук билет. Так жазды. Катачылык менден кетип калды. Кечирип коюңуздар! Ажал деген ушул экен…-дейт ал.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *