“Ата Мекен”: Атамбаев жана анын жан жөкөрлөрү кылмыш жообуна тартылышын талап кылат

Мезгил

«Ата Мекен» партиясы 23-апрелде Жогорку соттун алдында нааразычылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу партия расмий билдирүү таркатты.

Анда мындай чечимди «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү партиянын жыйынында кабыл алынганын аны “Ата Мекен” фракциясы бир добуштан колдогондугу айтылат.

Атамекенчилер Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо жана сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары да коюларын кошумчалашат.

-Бүгүн, 20-март күнү  “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши регоналдык уюмдардын, катардагы мүчөлөрдүн көптөн бери коюп келген талаптарынын негизинде 23-апрелде Жогорку Соттун алдында ири масштабдагы тынчтык митингин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Аны Митингде “Ата Мекен” партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун ишин кайра карап, адилеттүү чечим чыгаруу, ошондой эле Атамбаевдин убагында саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароо талаптары коюлат.

 

Мындан сырткары, сот реформасын тездетүү, укук коргоо органдарындагы реформаны аягына чыгаруу талаптары бийликке жолдонот. Сот адилетсиздигин жараткан, сотту репрессия куралы катары пайдаланган Атамбаевди жана анын жан жөкөрлөрү кылмыш жообуна тартылышын талап кылабыз.

 

Митингге “Ата Мекен” партиясынын аймактардагы мүчөлөрү, партия колдоочулары жана жарандык активисттер катышаары күтүлүүдө-деп айтылат билдирүүдө.

«Ата Мекен» партиясынын лидери,  Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *