Зарылбек Сатаев Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланды

  Мезгил

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тарабынан Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна сунушталган Сатаев Зарылбек Апасовичтин талапкерлиги каралды. Аны депутаттарга Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев тааныштырды.

Зарылбек Сатаев буга чейин Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык, Чүй жана Талас облустук бөлүмдөрүндө иштеп келген.

Жашыруун электрондук добуш берүү жыйынтыгында Зарылбек Сатаев депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен Зарылбек Сатаев Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланды. Мыйзамга ылайык, ал бул кызмат ордунда 5 жылдык мөөнөт менен иштөөгө тийиш.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *