“Ата Журт”: Биз дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз…

Мезгил

«Ата Журт» партиясынын теӊ төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев айымдарды 8-март эл аралык майрамы менен куттукташты. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй.

Урматтуу энелер, эже-карындаштар!

Асылзаада айымдар!

Сиздерди 8-март –Аялдардын эл аралык майрамы менен «Ата Журт» саясий партиясынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз.

Эне!.. Аял!..Бул сөздө ааламдын башталышы, дүйнөнүн жаралышы жатат. Аялзаты бар үчүн тирүүлүк чеги жок узарып, адамзат ааламдын ээси катары жашап келет.

“Аял үйдүн куту” дейт кыргыз. “Аял жакшы эр жакшы” деген ата бабаларабыз. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, «Бейиш эненин таман астында» дейт элибиз.

Анткени, Аял-эне, Аял- жар, Аял-үйдүн куту, коомдун туткасы! Ошондуктан элибиз эзелтеден бери аялзатын үйдүн куту, очок ээси, жароокер жар, мээримдүү эне, акылыңа-акыл кошкон аруузада, асылкеч деп баалап келген.

Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, бакубат жашоосу айымдардын колунда. Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз…

Урматтуу асылзат айымдар!

Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен баардык айымдарды 8-март майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун өмүр менен кошо жан дүйнө сулуулугун жана аялдык улуу бакытты каалайбыз. Өчпөс коломто ээси болуп, турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиңиздерге чын дилибизден тилектешбиз.

Бар болуңуздар, асылзат энелер жана асылзаада айымдар!

Сиздерди тереӊ урматтоо менен,

«Ата-Журт» партиясынын теӊ төрагасы: Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *