“Ата-Журт”: Бул жеңиш – акыйкаттыктын, карасанатайлык менен зомбулукка каршы турган улуу күрөштүн жемиши

Мезгил

  “Ата-Журт” мекенчил партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев 9-май Улуу Жеңиш күнү менен кутман кары  ардагерлерди куттукташты. Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй.

Кадырлуу кыргыз элим!

Урматтуу ардагерлер!

Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхтагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка улуу сабактарды калтырган окуя болду. Бүгүн бул аапаттын бүткөнүнө 74 жылдын жүзү болсо дагы, кан майдандын ар бир көз ирмеми тарых барактарына айланып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Биз сиздердин келечек муун үчүн жасаган кайталангыс кайратман эмгегиңиздерге, бейпил турмушта, эгемен өлкөдө жашап жатканыбызга түбөлүк карыздарбыз.

 Эрдигиңиздер эчендеген урпактардын учу узун уламышына айланып, Мекенди жан-дили менен сүйүүнүн өчпөс мисалы, баатырлыктын чыныгы үлгүсү болуп калды. Бирок, мезгил өтүп, убакыт улам жыл карытып, согуштун тозогун кечип келген аталарыбыздын катары күн сайын арабыздан кемип барат. Ошондуктан, биз ар дайым ардагерлерибиздин татыктуу өмүр сүрүүсүнө бардык күч-аракетибизди жумшоого, өсүп келе жаткан муунга Улуу Жеңиштин маани-маңызын жеткирүүгө милдеттүүбүз.

Анткени, согуш учурунда ардагерлерибиздин көрсөткөн эрдиги Ата-Мекенге болгон берилүүнүн, патриоттуулуктун жаркын үлгүсү болуп калууга тийиш.

Ардактуу ардагерлер!

 Кадырман карылар!

Сиздерди, 9-май көөнөрбөс Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Анткени ЖЕӉИШ көөнөрбөйт.

 Бул майрам -сиздердин маңдай териңиздердин, эл-жер, келечек үчүн жан үрөгөн аракетиңиздердин акыбети. Бул ЖЕӉИШ – сиздердин кажыбас кайратыңыздардын, талыкбаган мээнетиңиздердин жыйынтыгы. Бул жеңиш – акыйкаттыктын, карасанатайлык менен зомбулукка каршы турган улуу күрөштүн жемиши.

Бул жеңиш – канчалаган адамдардын өмүрүн алып, нечендеген көз жаштарга жуулуп, миңдеген мекендештерибиздин каны менен келген Улуу Жеңиш! Бүгүн ал -баарыбыздын жеңишибиз.

 Биз, өзүбүздүн жана «Ата-Журт» мекенчил партиясынын атынан каардуу жылдары кан майданда көрсөткөн эрдигиңиздерге таазим кылуу менен, терең ыраазычылык билдиребиз!

 Бар болуңуздар, аман болуңуздар, кадырман карылар, ардактуу ардагерлер. Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Терең урматтоо менен,

«Ата-Журт» партиясынын тең төрагасы: Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *