“Ата Журт” партиясы билдирүү таратты

    Мезгил
Саясий уюмдардын бир стратегиялык биримдикке кошулуп жатышын саясий жана стратегиялык кызматташуулардын пайдубалын негиздеп, эгемен өлкөбүздүн бекем келечегин түптөп жаткан акт катары кароо кажет. Элдин аң-сезимин, коомдун күрөө тамырын кармап билүүдө, күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоо алдында түзүлүп жаткан саясий тандемдер кыргыз коомчулугу үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет. Анткени, ынтымак-ырашкерлик – эртеңки келечекке ташталган чекиндүү кадам деп айтсак жаңылышпайбыз.

Ѳлкѳбүз кыйын кырдаалда турганда, элдин эң кѳп ишенимине татыган “Ата-Журт” партиясы алгачкы жолу 2010-жылы парламентте чоң саясий уюм катары таанылган. Бул жарышта алгачкылардан болуп келип, парламенттик-президенттик ѳлкѳнүн пайдубалын түптѳп, кѳпчүлүк коалициянын курамына кирген. Кыргызстан оор кырдалды баштан кечирип жатканда, жеке кызыкчылыктарды унуткарып, мамлекет үчүн чогуу, биргеликте кадам таштайлы деп 3 жылга саясий келишим түзүлгөн. Бирок, Атамбаев баштаган айырым саясатчылар жигитчиликтен тайып,  бул келишим бир жылга жетпей бузулуп, “Ата-Журт” фракциясы азчылыкта калып, биздин партиялаштарыбызга саясий куугунтуктоо башталды. Натыйжада 16 депутаттыбызга кылмыш иши козголуп, 10дон ашуусу жалган жалаа саясий буйрутмалардын негизинде камакка алынды.

Ал эми 2015-жылы болуп ѳткѳн парламенттик шайлоого “Ата-Журт” саясий партиясынын негиздѳѳчүлѳрүнүн бири жана тең тѳрагасы Ахматбек Келдибеков саясий куугунтуктоонун айынан шайлоо процесстерине катыша алган жок. Партиянын тең тѳрагасы бири Камчыбек Ташиев саясий ѳнѳктѳштѳрү менен “Республика-Ата Журт” саясий партиясын түптѳп жарышка чыкты. Саясий буйрутма, бут тосуулардын негизинде партия ѳткѳн менен Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келе алган жок. Бирок, ѳз ишмердүүлүгүн эч убакта токтотпогон  “Ата-Журт” саясий партиясы бир нече жүйѳѳлүү себептердин негизинде бул жолу да ѳз алдынча шайлоого аттанбады. Партиянын тең тѳрагасы Камчыбек Ташиев “Мекенчил” саясий партиясын негиздеп, жарышка чыкты. Биз ал кишинин чечимин түшүнүү менен кабыл алдык жана сыйлайбыз. Ал эми “Ата-Журт” партиясынын тең тѳрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган партиянын саясий кѳз караштары туура келген мүчѳлѳрү “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен саясий тандем түздүп, шайлоого аттанды.

Учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан оор саясий процесстерди терең талдап, алдыбызга койгон максатка чогуу жетүү үчүн, ыктыярдуулук, бири-бирин урматтоо, тилектештик, чечимдерди коллегиалдуу кабыл алуу принциптеринин негизинде, алдын-ала бири-бирибизге эч кандай саясий, экономикалык жана моралдык шарт койбостон туруп, саясий тандем менен аламан жарышка ат салышуу тууралуу чечим кабыл алдык. 

Бул тандем адилеттүүлүк, улуттук суверенитет жана улуттук ар-намыс баалуулуктарына негизделмекчи. Ал эми мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, өлкөнүн экономикасын ѳнүктүрүү, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү биздин саясий багытыбыздын негизги принциптери. Мамлекеттин коопсуздугун, саясий туруктуулукту сактоо менен, соттук акыйкаттык жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн күрөшүү бул биздин изги максаттарыбыздын бири. Анткени, эл бийликтин эмес, бийлик элдин кызматында болушу кажет.

Ошонуктан ѳзүн кыргыз өлкөсүнүн атуулумун деп сезген, тынчтык жана саясий туруктуулукту баалаган, элибиздин бакубат жашоосун, мамлекеттик бүтүндүктү жана анын коопсуздугун каалаган жарандарыбыздын баарын биригүүгө чакырабыз.  Анткени, КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗ үчүн,  АТА – ЖУРТУБУЗ үчүн, МЕКЕНИБИЗ КЫРГЫЗСТАН үчүн эч кимибиз кайдыгер болууга акыбыз жок!

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *