“АТА ЖУРТ”: Улуу эл, уңгулуу улут деген наамга татыктуу бололу

Мезгил

“Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев мекендештерибизди Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти төмөндөгүдөй 

Кымбаттуу калайык калк!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди «Ата Журт» мекенчил партиясынын атынан өлкөбүздүн эгемендүүлүк майрамы – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилибизден  куттуктайбыз!

Элибиздин эркиндиги, өлкөбүздүн көз карандысыздыгы – эң башкы дөөлөтүбүз. Мына ушул эгемендүүлүк үчүн канча деген азаматтардын өмүрү кыйылып, нечендеген эрлердин башы канжыгага байланды. Кылым карыткан элибиз канча деген кыйынчылыктарга кабылды. Кыйналды, бирок сынган жок. Чайпалды, бирок төгүлгөн жок. Эгемендүүлүктү эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик.

Анткени, биз – азаттыкты сүйгөн адилеттүү элдин урпактарыбыз. Эч качан чөкпөгөн, эрки бекем жана эркин бойдон калган, маданияты каада-салтарында, карт тарыхынын бир барагы санжыраларында камтылган улуу калкпыз. Буга бабаларыбыздын баскан изинен жаралган карт тарых күбө.

Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган, көөнөрбөс баалуулук экенин ар бирибиз унутпайлы. Анткени, бүгүнкү эгемендүүлүгүбүз кылымдар бою ата-бабаларыбыздын кан-жаны менен корголуп, энелерибиздин көз жашы менен келген. Эркиндикти сактоо ар бирибиздин, мамлекеттүүлүктү бекемдөө – жалпыбыздын ыйык милдетибиз. Ал эми эң ыйык парз – Кыргызстандын көз карандысыздыгын, элибиздин эгемендүүлүгүн ыйык сактап, урпактарга өткөрүп берүү!

Урматтуу мекендештер!

Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү элбиз. Өксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журтбуз. Улуу эл, уңгулуу улут деген наамга татыктуу бололу. Ар дайым асманыбызда асабабыз желбиреп турсун! Өлкөбүздүн ар бир жаранынын жүрөгүндөгү эркиндиги өчпөсүн! Эгемендик майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен,

 “Ата Журт” саясий партиясынын теӊ төрагасы:  Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *