Атамбаевге пневмония деген диагноз коюлуп ал ооруканага которулду

Мезгил

Кечээ, 29-июнда Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жатканын айтып кайрылган. Буга байланыштуу коронавируска карата ПЧР-анализ алынды.   Анализдин жыйынтыгы таза болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.  

 Ошондой эле ошол эле күнү дарыгерлер онлайн-консилиум өткөрүп, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Андан кийин А.Атамбаевди стационардык дарылоо үчүн ооруканага которуу чечими кабыл алынды.

УКМКнын маалыматы боюнча, акыркы жумада А.Атамбаев жактоочулары жана жакындары менен бир нече жолу жолугушкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *