Атамбаев & Хабибулла Абдукадыр: Атамбаевдин мультимиллиардерге айланышынын сыры табылды

   Мезгил

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин чуулгандуу миллиардер Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттө экс-леди Раиса Атамбаеваны да көрүүгө болот. Мындан улам жолугушуу үй-бүлөлүк маанайда, болжолу Атамбаевдин үйүндө, Хабибулланы конокко чакырган учурда тартылса керек деген пикирлер жаай баштады.

Эске сала кетсек «Азаттык», “Kloop” жана “OCCRP” Түркияда атылган Айеркен Саймаити боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, анын Кыргызстанда жасаган мыйзамдан сырт иштери, өлкөдөн чыгарылып кеткен акчалар тууралуу жазган. Бул иштердин башында миллионер Хабибулла Абдукадыр деген уйгур тектүү кытай жараны тургандыгы, Саймаити анын кол алдында иштегендиги, ал тургай Хабибулла Абдукадырдын президент Сооронбай Жээнбековдун иногурациясына катышкандыгы тууралуу сүрөт да табыла калды. Президенттин басма сөз кызматы инагурацияны мурунку президент Атамбаевдин жакындары уюштуруп, конокторду ошолор чакыргандыгы, Хабибулла Абдукадырды ишкер катары Атамбаевге тааныштыргандыгы чын экендиги, ал эми алардын бизнес алакалары жөнүндө билбей тургандыгы тууралуу маалымат таратты. Ага карабай Ирина Карамушкина сыяктуу Атамбаевдин тарапташтары Жээнбековду айыптап, президентке импичмент жарыялоо сунушу менен чыгышты.

Ал эми бүгүн Алмазбек Атамбаевдин чуулгандуу миллиардер Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтүнүн табылышы саясий окуяларды такыр башка нукка буруп олтурат. Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгынын тушунда “АКА” деп аталган Хабибулла Абдукадырга тиешелүү компаниялардын тобу өлкөбүздөгү баалуу кен байлыктарды казууга, “Акылдуу шаар” долбооруна катышууга аракет кылгандыгы, ал тургай Атамбаевдин “Форум” ишканасынын үлүшүн сатып алгандыгы тууралуу фактылар айтылчу күн жакындады окшойт. Атамбаевдин кантип доллардык мультимиллиардерге айланышынын сырына бул сүрөт из баштап бергени турат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *