Атамбаев Батукаевди Бакиевге алмаштырам деген

  Мезгил

Интернетте мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановдун бетме-бет жолуккан соттук териштирүү ишинин протоколу жарыяланды. Мындай жолугушуу болгондугун Атамбаевдин жактоочулары ырастап, бирок протокол тууралуу ооз ачышкан эмес.

Беттештирүү 2019-жылдын 21-августунда өткөн. Аны ИИМдин тергөө тобунун жектечиси Эркинбек Аширходжаев уюштурган. Атамбаев адаттагысындай эле суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Ал эми Атахановдун билдирүүлөрү төмөнкүчө жазылган:

“2011-жылы УКМКнын төрагасы болуп дайындалдым. Арадан 2-3 ай өткөндө Атамбаев Жаныш Баикевди экстрадициялоо тапшырмасын берди. Бирок мыйзам чегинде аны алып келүүнүн жолдору болбогондуктан атайын операция уюштуруу тууралуу сөз жүрдү. Мен муну кызматкерлер менен кеңешип көрөйүн дедим. Акча каражаты керек болчу. Бул учурда Рамзан Кадыровдун жакыны, таасирдүү кишиси, Россия Госдумасынын депутаты, Адам Делихманов менчик учагы менен бизге учуп келди.

Атамбаев мага аны менен жолугушууга уруксат берди. Учактын ичинде жолугушканыбызда ал, “Азиз Батукаев көптөн бери оорулуу, аны Чеченстанга коё бергиле деди. Мен муну текшерип көрүү керектиги тууралуу айттым. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эгер силер Жаныш Бакиевди экстрадициялай алсаңар биз Батукаевди бошотуу боюнча маселени карап көрөбүз дедим. Адам Делихманов буга дароо жооп берген жок. Бул тууралуу кийинчерээк байланышып, макулдугун билдирди”.

Мындан соң Атаханов Атамбаевге сүйлөшүү тууралуу маалымдап, колу коюлбаган кат жазып калтыргандыгын айтат. Ошондой эле Атаханов М.Бектенов аттуу УКМК кызматкерине Батукаевди оорусу боюнча абактан бошотууга жол табуу боюнча тапшырма берет. Бул атайын операция болчу деп билдириген Шамил Атаханов.

Ошол мезгилде Азиз Батукаевдин кылмыш тобу Камчы Көлбаев жана  Алманбет Анапияевдин топтору менен кырчылдашып турган. Батукаевди бошотуу боюнча атайын операцияга өлкө башчысы тарабынан уруксаат берилди. Ошол эле кезде чечендер келишимди ишке ашырууга кепилдик береби деген суроо турду. Мен кепилдик боюнча күмөн саноону  Делихмановго билдирдим. Делихманов Рамзан Кадыров Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп, өз кепилдигин берүүгө даяр экендиги тууралуу айтты.

Ошентип Атахановго эки президенттин сүйлөшүүсү болгондугу тууралуу Делихманов билдирген. Кийинчерээк мен президент тарабынан Батукаевди бошотуу жана Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча тапшырма алдым деп билдирген Шамил Атаханов протоколдо.

Бул иштерди УКМКнын кызматкери М.Бектенов аркылуу ишке ашырып турдум. Кийин УКМКдан кеткенден кийин да бул маселе менен иш алып барганмын деген Атаханов. Бирок ЖАМК төрагасы Зарылбек Рысалиевдин катаалдыгынын айынан ишке президенттин аппаратынын коргонуу жана коопсуздук иштер боюнча бөлүм башчысы Бусурманкул Таабалдиевди кошууга туура келди. Бирок чечен тарап берген убадасын аткара албады. Анткени маалымат жылчыгы пайда болуп, Жаныш Бакиев БАЭге учуп барып, жашырынган деп жазылат Шамиль Атахановдун билдирүүсүндө. 

Бул беттештирүү протоколунун аягында Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев жана Замир Жоошевдин, Шамил Атаханов жана жактоочусу Султан Баратовдун колдору коюлган. Ал эми Алмазбек Атамбаев болсо адаттагыдай эле кол койгон эмес.

Ошентип Алмазбек Атамбаев башында турган Батукаевди бошотуп, Рамзан Кадыров башкарган Чеченстанга өткөрүп берүү операциясы “ийгиликтүү” ишке ашкан менен, Жаныш Бакиевди “уурдап келүү” операциясы ишке ашпай калган. Кызык жери Жаныш Бакиев Белорусияда баш калкалап келбеди беле? Мындай опурталдуу операция тууралуу Рамзан Кадыров не деп жооп узатат экен?!

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *