Атамбаев «күкүк» болгондо, же анын Бабанов, Түлеев менен болгон бизнес байланыштары

 Мезгил

Күкүк. Күкүктөрдүн көбү жумурткасын башка канаттуулардын уясына тууй тургандыгы, бул жумурткадан чыккан балапаны уянын чын ээлери болгон канаттуунун балапандарын уядан түртүп кулатып жибере тургандыгы да белгилүү. Бирок бул күкүтүн кандай соргок экендигин баары эле биле бербейт. Ушунусу менен күкү башка кантууларга келтирген зыянынын эсесин чыгарат. Ал көптөгөн зыяндуу курт-кумурскаларды (анын ичинде башка канатуулар жебей тургандарын да) жеп жок кылат.  https://tyup.net/page/kogravemacrkogravemacrk

Атамбаевди эмне себептен «күкүкө» салыштырып жаткандыгыбызды жогорудагы күкүк жөнүндөгү текстти окуган соң байкап жаткан чыгарсыздар. Кечөө Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрүнө, банктардагы үлүштөрүнө, эсептерине, банк кутучаларына (ячейка) камоо коюу боюнча тизме жарыяланды. https://mezgilnews.kg/atambaevdin-kamakka-alyngan-m-lkt-r-n-n-tizmesin-zharyyalandy-tizme/

Кызык жери Атамбаев «жумурткасын башка куштун уясына салып коюп чоңойткон күкүк сымал» акча каражаттарын каршылашып жүргөн Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеевдердин банктарында сактап жүрүптүр. Таң каларлык бекен? Саясатта калп эле каршылаш болгон менен, булардын бизнесинин тамыры бир турбайбы? Бабанов менен Атамбаевдин, Түлеев менен Атамбаевдин тымызын байланышып келгендигине муну 2-далил катары карасак болобу?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *