Атамбаев “Кашкар байке, мен чыкпаймын” деди, же министр Жунушалиевдин хохмасы

   Мезгил

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кечөө бир ЖМКга 8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин бункерине кирген учурду эскерип, мурдагы президентти “ийнинен чыгаруу операциясы” боюнча маек куруп бериптир. Анда “Мен 2 жолу сүлөшүүгө барганмын. Ичкери жактан Атамбаев “Кашкар байке, мен чыкпаймын” деди” – деген сөзү коомчулукту жарды. Жунушалиевден 5 жаш улуу болгон Атамбаев жанына күч келгенде “Кашкар байкелеп” жиберген тура.

Бирок министр окуяны ашкере көркөмдөп жибергенин кеч түшүнүп, кол алдындагылар аркылуу актануу берди. Алардын тактоосу боюнча “Кашкар байке, мен чыкпаймын” деп Атамбаев эмес, жанында кум салынган каптар менен тосулган дзотто кошо жашырынып жаткан Кундуз Жолдубаева “Кашкар байке, биз чыкпайбыз” – дептир. Бул тууралуу министр мырза мурда эле “Кабарда” берген маегинде айткан деп такташкан ИИМден. Кыскасы министр мырза, Кундуз менен Атамбаевдин үнүн алмаштырып, каңырыш угуп алыптыр.

Атамбаев бункериндеги дзотто калкаланып жаткан учурда 2 жолу ийгиликсиз сүйлөшүүгө барган Кашкар Жунушалиев ошентип өзүн “баатыр” көрсөтүп, 5 жаш улуу Атамбаевди байкелеткен экен учурунда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *