Атамбаев: Мен болгону уятыман бир кой сойдум

Мезгил

  Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев элдер аны колдоп колдорунан келген жардамдарын берип, балмуздак, нанга чейин алып келип  жатканын айтты. Ал бул тууралуу Кой-Таштагы үйүндө  тарапташтары менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Элге ырахмат, колдорунан келишинче бирөө букасын, бирөө жылкысын кээ бирлери тыйын тыпырын да алып келип атат. Ачык айтайын мен деле  эки үч ай мурун акча керек болуп  кичүү уулумдун квартирасын саткам. Кээ бирөө тыйын тыпырын жашынып берип атат. Коркоктор  өзүнүн атынан   бирөөдөн берип жиберип жатат. Корксо да ырахмат.  Керек босо кээ бирлери балмуздак алып келишүүдө.  Ошондой эле нан жасап келип атышат. Койлор болсо биринчи күндөн бери келүүдө. Мен болгону уятыман бир кой сойдум” деди Алмазбек Атамбаев.

 

Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев июнь айынан бери Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугууга чыгып, сүрөткө түшкөндү адатка айланткан. Анда кой, бука союлуп аны колдоп баргандарды ысык тамак менен камсыздап турат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *