Атамбаев: Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жардам берип, колдоо көрсөтөм деп үмүттөнөм

Мезгил

Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таш айылындагы ѳз үйүндө окко учуп каза болгон УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына кѳңүл айтты. Бул тууралуу Атамбаевдин 13-ноябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Анда УКМКнын жана ИИМдин менин үйүмдөгү мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам ок атуу туурасында маалымат каражаттарынан угуп, кыжыры кайнаган жакын жердеги жергиликтүү тургундар жана башка жарандар чогулушкан. Адамдардын кыжырданганына карабай, күч түзүмдөрү өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин улантышкан жана анын натыйжасында кагылышуулар болуп кетти. Көптөгөн адамдар жаракат алып, бир адам каза тапканы айтылат.

-Оор жоготууга учураган Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай жоготуунун ордун эч нерсе толтура албайт. Мен акыйкат салтанат кургандан кийин анын үй-бүлөсүнө жардам берип, колдоо көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгүм болот деген үмүттөмүн.

 

Жабыркагандар  жана жаракат алгандардын тезирек айыгып кетүүсүн чын дилимден  каалайм. Эми алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын экс-президентин кыйын мезгилде колдоп келгени үчүн гана адилетсиз куугунтукка туш болушууда. Мунун канчалык оор экенин айтууга сөз таппай турам. Мен муну эч качан эсимден чыгарбайм-деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндѳ.

Эске салсак, «Альфа» түзүмүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. 

Ѳлкѳнүн башкы кѳзѳмѳл органы Атамбаев бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *