Атамбаев: Сооронбай деген “урод” мени түрмөдөн өлсүн деп аракет кылды

   Мезгил

Бүгүн, 18-ноябрда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп жатат. Ага Алмазбек Атамбаев алып келинди. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев массалык маалымат каражаттарынан бирине коомментарий берип жатып  “Сооронбай мени түрмөдөн өлсүн деди” дейт.

  “-Өлкөнү жарга алып барып такап койгон кошаматчылар, чимкириктер баары тең дагы деле Кыргызстанды андан ары дагы жарга салганга аракет кылып жатат. Тилекке каршы Садыр Жапаров дагы ушуларды уккандай таасир  калтырууда.   Башка бир жака бара жатабыз. Негизи Кыргызстанды ушундай жарга барып такаган уурулардын башкаруусун орноткон Сооронбай баш болуп, мен эмес, ошолордун отура турган жери ушул жер. Түрмөгө отуруш керек.  Сооронбайга эки жарым жылдан бери коңгуроону кагып жатык. Эми арыздангым келбейт. Айла жок соттон айрым сөздөрдү айттым. Менин ден соолугумду одиночкада билесиңер, радио дагы жок болчу. Бүт Сооронбай деген “урод” мени түрмөдөн өлсүн деп аракет кылды, мен өлбөйм түрмөдөн мен өлсөм да чындык өлбөйт. Тилеке каршы азыр жаш жигит Садыр Жапаровдун тегерегинде бүт эле баягы Сооронбайдын, Бакиевдин убагындагылар жүрөт”- деди Атамбаев.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *