Атамбаев жалгыз баатыр болуп көрүнгүсү келип жатат

    Мезгил

Мурдагы президент Аламазбек Атамбаев кайрылуу жасады. Анда Кой-Таш окуялары боюнча айыпталып жаткандардын баарын бошотуп, жалгыз мени гана камагыла деди. Ошондой эле УКМКнын атайын кызматынын анын үйүнө барышын мыйзамсыз деп санайт.

“Бул кишилердин айыбы жок. Эгерде кандайдыр бир суроо болсо мага бергиле. Мага бул бийликтин тушунда кандайдыр бир мөөнөт берсе да макулмун”, – деген Атамбаев билдирүүсүндө.

   Бул билдирүүлөр менен мурдагы президент коомчулукту кандай пикирге түртүп жатат?

1) Мамлекеттин тиреги болгон Конституцияга ишенбөөгө чакырык таштап жатат.

2) Учурдагы бийликти мокочо көрсөтүүгө аракет жасап жатат.

3) Мыйзам менен, бийлик жетекчилери менен соодалашууга барса болот деген илинчекти жараткысы келип жатат.

4) Кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, эми жоо бетине жалгыз аттанган баатыр көрүнгүсү келип жатат.

Албетте ар бир жарандын өз укугун коргогонго, кайырлуу, билдирүүлөрдү жасаганга укугу бар. Анын ичинде мурдагы президент Атамбаевдин да. Буга тыйюу салынбайт. Бирок эске сала турган жагдай Атамбаев боткону бир гана өзү жалгыз чалган жок да. Ал ишке айры буттуу, жумуру баштуу, акыл эси ордунда, акылынан тайбаган жарандар катышкан. Ал эми мыйзам чегинде ар бир адам өз жасаган ишине жоопкер болуп саналат. Керек болсо баласы атасынын жасаганына, баласы 18ден өтсө анын жасаган жоругуна атасы, бир туугандары жоопкер эместиги тууралуу юристтер, керек болсо саясатчылар да сайрап жүрүшпөйбү. Бирөонүн жасаганы үчүн бирөө жоопкер болгон заман балким Атамбаев бийликти болгон кезде болсо-болгондур. Азыр биз укуктук талаада жашаган, ар бир кадамыбызды мыйзам чегинде таштай турган жаңы жашоого көнүшүбүз керек.

Атамбаевдин баары үчүн мен жооп берем дегени өзү айткандай абсурд жана эскичилик. Ишке ашпай турган утопия экендигин билип туруп, айласы кеткенде өзүн колдогон биртике элге байкуш көрүнүп, боорун ачыткысы келген амалы. Ал эми жабыр тарткан кишиге “байкуш” деп боор ачытуу элибиздин канында бар көрүнүш. Муну жакшы билген киши өз үлүшүнө пайдалангысы келип жатат.

Эгер Атамбаевдин айтканы ишке аша турган болсо каза болгон Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө ким жооп берет? Же Самат Курманкуловго Атамбаев өзү бункеринен чыгып келип, жолун тосуп таш атты беле? Эгер баш аламандыкка катышкандар айыбын тартышпаса, анда бизде баарын жасай берсе боло берет экен деген хаос күч албайт деп ким кепилдик бере алат?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *