Атамбаевди дагы бир жакыны сатып кеттиби?

     Мезгил

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дагы бир тарапташы Амантур Жамгырчиевди абакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу ЖМКга анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди. Анын айтымында Жамгырчиевге карата Биринчи май райондук сотунун чечими да, Бишкек шаардык сотунун чечими да мыйзамсыз чыгарылыптыр.

“Бишкектеги 1-Тергөө изоляторунда Амантур Жамгырчиевге карата бир дагы жолу тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Эгерде ага карата кылмыш жасаган тарап катары иштер жүргүзүлгөндө, абакта кармоо иши негиздүү болуп саналмак. Бир киши да муну жасаган эмес.”- дейт жактоочу.

Эске сала кете турган нерсе Атамбаевдин абакта кармалып жаткан тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяз Смаилов, Фарид Ниязовдорго карата Массалык баш аламандыкты уюштуруу, Адам өлтүрүү, Барымтага алуу беренелери менен кылмыш иши козголгон. Булардын ичинен Алга Кылычев “шефи” Атамбаевдин “сатып”, ага каршы көрсөтмө берип, тергөө менен кызматташууга барган. Эми түрмөнүн суук жели Амантур Жамгырчиевди да кытыгылап жаткан окшойт. Ал жөнүндө Атамбаевге каршы көрсөтмө берүгө даярданып жатыптыр деген шыбыр тарай баштады.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *