Атамбаевди сотко танка менен сүйрөп келбесе болбой калды окшойт

   Мезгил

Бүгүн Батукаевге байланышкан соттук угуулар жүрүп жатат. Ага адаттагыдай эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келе алшыпады. Анын УКМКнын абагында “эс алып” жатканына карабастан укук коргоо органдары алып келе албаганы кызык иш болуп жатат.

Мурдагы президенттин бетке кармаган жүйөөсү “Менсиз деле өткөрө бергиле” деген кеби болуп турат. Бул деген Атамбаев күнөөсүн моюндай баштаганынан кабар береби? Анткени буга чейин Аида Салянова буйрукту Атамбаев берген деген таризде көрсөтмө берди.

Буга чейин да Атамбаев Кой-Таштагы “бункерине” жашырынып алып,тергөө ишине  көрсөтмө берүүгө чакырылган учурда келген эмес. Аны алып келүүгө барган Альфанын командирин жүрөккө атышып, адам каны төгүлгөн. Кыязы бул жолу да Атамбаевдин “барбаймын” деп моюн толгогон эски ооруусу кармап жатат окшойт. Эми аны соттук угууларга танка менен сүйрөп алып келе албасак да, мурдуна чүлүк салып сүйрөп келгенге күч органдарынын күчү жетер.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *