Атамбаевди “өз өмүрүмө кол салам” дедирген 27-томдо эмне сыр катылган?

Мезгил

Батукаевдин иши – чоң чырдын башы

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон. Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон. Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда атайын кызматтын командири каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында 31-октябрга чейин калтырылган.

Эмне үчүн Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жабык режимде карайт?

Ушул иш боюнча башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Биринчи май райсоту мындай чечимди 16-октябрда чыгарганын билдирген.

 «Негизинен иштин материалдарында сырдуу эч нерсе жок. Менин оюмча, коомчулукка бардык материалдарда айыпталуучулардын күнөөлүлүгүнүн далилдери бар кылып көрсөтүү максатында бүт процессти жабык режимде өткөрүү үчүн томдордун бирөөсүн жашыруун кылышкан», – деген жактоочу Замир Жоошев.

27-томдо кандай жашыруун маалымат катылган?

Мурдараак сот кылмыш ишинин 27-томун ачыкка чыгаруудан баш тарткан. Анда Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын ортосундагы беттештирүүнүн протоколдору бар деп айтылган. Ал тургай жараянга катышуучулардан маалыматты таратпоо боюнча тил кат алынгандыгы да айтылган. Деги Атамбаевди “өз өмүрүмө кол салам” дедирген, судьяны жараянды жабык өткөрүүгө бел байлаткан 27-томдо эмне сыр катылышы мүмкүн? Ой жооруп көрөрлү.

1) Кубанычбек Кадыров айткан 15 миллион доллар жөнүндөгү маалыматтар.

2) Атамбаевдин Батукаевди бошотуу боюнча берген түз тапшырмасы.

3) Батукаевди бошотууга башка өлкөлөрдүн лидерлеринин берген буйругу тууралуу маалымат. Таасирдүү кишилердин ысымдары.

4) Батукаевди бошотуу ишине аралашкан, буга чейин аты аталбай келген Атамбаевдин жакын кишилеринин ысымдары, окуяга катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматтар.

5) Атамбаевдин үй-бүлөөсүнө тиешелүү жеке сырлар. Тагыраагы уулу Кадырдын Туркияда жүргөндө чечен кызды зордуктап коюп, барымтага алынганы, анын көзүн тазалоо коркунучу Батукаевди бошотууга алмашылгандыгы тууралуу маалымат. Кадырдын окуусун улантам деген жөө менен өлкөдөн чыгып кеткендиги да буга жем таштайт.

Бул гипотезалардын ичинен акыркы экөө көбүрөөк ынаным жаратып келет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *