Атамбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Мезгил

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

 Маалыматка ылайык, сот анын катышуусу жок өттү.  Мурунку президент дагы 2 ай камакта болот.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди 8-августта ИИМдин атайын операциясы тарабынан кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камашкан. Ал эми 16-августта Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *