Атамбаевдин кенже уулу бийликтин “Биримдиги” жасалма деп эсептейт

Мезгил

Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев  жергиликтүү ЖМКлар “Биримдик” партиясын Марат Аскерович Аманкулов башкарат деп жазып чыгышканда абдан таң калган. Бул тууралуу ал ѳзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында атасы Алмазбек Атамбаев  Марат Аманкулов тууралуу дайыма жакшы нерселерди айтчу. Марат Аманкулов өзү деле партиянын үлгүлүү мүчөсү жана Атамбаевге ишенимдүү болчу. Ошондой эле 2018-жылы бийлик Сапар Исаковдун аркасынан саясий оюндарды баштаганда Марат Аманкулов КСДП фракциясынын өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечимин колдобой койгон.

– 2018-жылы Марат Аманкулов Исхак Масалиевдин экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилгесине каршы чыккан. Аманкулов менин атам менен тез-тез жолугуп, биздин партиянын келечеги тууралуу маектешип турчу. Ал эми  «Биримдик» партиясы – бул жасалма жол менен жаралган саясий күч. Анын негизги максаты – 2020-жылы “баш көтөрө албас” парламентти түзүү-деп жазат Кадыр Атамбаев

Ошондой эле Атамбаевдин кенже уулу Марат Аманкулов керектүү учурда “Ак үйдүн” буйругуна эмес, намыска жараша иш кылат –деп ишенерин билдирет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *