Атамбаевдин “оорусу” жан сакчысын да эпкиндептир

   Мезгил

Атамбаевдин жан сакчысы болгон, УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирген.

Анын айтымында Сагымбаев күбө катары мурда берилген суроолорго кезегинде жооп берген. “Анан бир эле сөздү кайталай бергенден эмне пайда? Күбө катары суралганда, бардыгына жооп берип койгон. Ошондуктан азыр көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат”, – деди жактоочу.

Канат Сагымбаев тергөө менен кызматташууга барган Алга Кылычев менен да көзмө-көз беттешүүдөн да баш тарткан эле.

Жансакчы “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Кызмат абалынан пайдалануу”, “Уюшкан топ менен киши өлтүрүү”, “Тергөөчүнүн же башка кызматтагы тараптардын аракеттерине тоскоолдук жаратуу” беренелери менен айыпталууда.

Атамбаевдин укук коргоо органдарын сыйлабаган тоң моюндугу жан сакчысында да бар белем? Тартипке ылайык тергөөчүлөр 10 жолу суракка алса да жооп берип, актыгын далилдесе болот го. Булардын күбөлөрдү беттештирүүдөн, сурактан качып жаткандыгы Кой-Таш окуяларынын жүрүшүндө таза эмес экендигине шек жаратат. Тергөөчүлөрдүн айыпталуучуларды ар кандай абалда, ар кандай учурда, ар кандай мөөнөттө, суроолорду чаташтырып берүү аркылуу суракка алуу менен, тергөөнүн ийгилигине жете турган ыкмасы бар экендигин биле жүргөн жакшы. Укук коргоо кызматкерлери “Кечирип кой каралдым, биздин жумуш ушундай” дегендей, алардын жумушу ушундай экендигин сыйлай билсек кантет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *