Атамбаевдин шектүү бизнес өнөктөштөрү кимдер болгон?

Мезгил

Экс-президенттин уйгур тектүүлөр менен бирге жасаган бизнеси тууралуу буга чейин сөз кылган элек. (шилтеме) Бул макалада дагы кимдер менен иштешкендиги тууралуу айтып берели.

Атамбаевдин бизнесинин уйгур канаты

Атамбаевдин тегерегинеде уйгур тектүүлөр көп болгон. Маселен:

1) КСДПдан шайланган ЖК депутаты  – Анвар Артыков. Бул киши менен Атамбаевдин бизнес байланыштары тууралуу өзүнчө кеп кылалы. Кечөө Атамбаевди парламент “кол тийбестик” укугунан ажыраткан учурда ал тарапта болуп, кандуу Кой-Таш окуяларында Атамбаевди акырына чейин колдоп жүрдү. Ага чейин да Роза Отунбаева менен шериктеш болуп, “Жоогазын революциясында” Атамбаевди колдоп жүргөн. Анын себеби эмнеде? Анвардын улутун өзбек дешет, бирок ал өзбектешип кеткен Оштук уйгурлардан.

2) Экс-мэр Албек Ибраимовду да уйгур тектүү дешет. Бирок ал муну мойнуна албастан эбак эле кыргыздашып бүткөнмүн деген мааниде сүйлөп келет. Альбектин Атамбаев менен байланышкан коррупциялык иштери тууралуу айтпасак да билет чыгарсыздар.

3) Фарид Ниязовдун улуту татар, бирок ал уйгур диаспорасынын мүчөсү болуп катталган деген сөздөр айтылып келет. Бирок анын улуту уйгурбу деген сөзгө тактоо таба албадык. Балким бул жөн эле бир айтылган сөздүр. Же шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деген чынбы? Айтоор буга жооп таба албаган соң суроону ачык калтырдык.

4) Эркин Ибраимов деген коомчулукка анчейин белгисиз болгон бирөө “Дастан” заводунун тегерегинде Атамбаевдин атынан курулуш иштерин жүргүзүп, бизнесин гүлдөткөн деген маалымат тараган. Анын да улуту  -уйгур деп айтылган.

5) Субухи Пархати. Субухи Пархати Алижан Ибрагимовдун “кол баласы”. Анын атасы олигарх менен жылуу мамилде деген маалымат тараган. Субухи Пархатинин Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү болуп чыга келгендигин Алижан Ибрагимовдун атынан аракет жасоо деп айтсак болот. Анткени олигарх Атамбаев менен чоң долбоорлор боюнча иш баштайт да, Атамбаевдин акча каражаты аз болуп калган учурда “Форум” сыяктуу ишканасынын жарымын Субухи Пархатини өнөк катары киргизип, “кесип” алат. Ал эми Атамбаевге Субухи Пархати тууралуу журналисттер суроо узатканда “Пархатини мага Соке досум сунуштаган” деп суу кечпеген жоопту айтып, элдин оозун ачырган. Бул жерде Атамбаевдин уйгур тектүүлөр аркылуу чоң бизнеске баш байлагандыгы тууралуу маалымат чындыкка жакын экендигине ынанып, бул тууралуу дагы жаңы маалыматтар коомчулукка белгилүү болоруна ишенип турабыз.

6) Кайрат Абдуллаев Токмоктогу “Гаваи” жана “Үмүт жана Ко” компаниясынын ээси. Эске сала кете турган нерсе 7-апрель окуяларында “Гаваиде” мушташып кетип каза болгондордун сөөгүн Бишкекке алып келишип, “Апрель баатырларынын” катарына кошушкан. Атамбаевдин иши боюнча Кайрат Абдуллаевдин компанияларынын эсептерин текшермей болушкан. Уйгур улутундагы бизнесмен Кайрат Абдуллаев менен Атамбаевдин дагы кандай байланыштары болгондугу тууралуу кеп алдыда.

7) Турсунтай Салимов, ЖК депутаты, КСДП партиясынан шайланган, Арашан айылында туулган. Улуту уйгур. Учурунда ага тиешелүү делген “Прадо” саунасында сойкулар иштейт деп “Жаңы муун” кыймылы депутатты айыптап чыккан.

8) Шавкет Нурдинов, депутат, “Арзу” кафесинин ээси. Бул киши да уйгур улутунан чыккан, Атамбаев менен байланышта болгон деген бизнесмендердин катарында. Арабаевдин “Арзу” кафесинде Раиса Атамбаеванын кишилери менен жолугушуу уюштуруп тургандыгын эске салабыз.

9) Касым Муратович Курбанов, “Мегаком” соода маркасынын 100 % акциясын сатып алуу максатын билдирген. Сапар Исаковдун “Акылдуу шаар” долбооруна катышукан. Уйгур улутунан.

10) Алижан Ибрагимов, Кыргызстанда төрөлгөн уйгур тектүү, Казакстанда бизнес жасаган олигарх. Атамбаев менен казактын Шабыркүл көмүрүн Кыргызстанга жеткирүү, кен байлыктарды казуу боюнча бизнеси бар, “Жер Үй” кени чечен улутундагы олигарх Муса Бажаев экөөсүнө тиешелүү деп айтылат. Ал эми калган иштери боюнча дагы маалыматтар калкып чыгат деген ишеничтебиз.

Жаман улут болбойт, жаман адам болот деген сыңары бул макаланы окуган окурмандарда уйгур улутуна атайын көлөкө түшүрүп жатышат деген пикир жаралбашы керек. Биз да ал улутту каралоо ниетинде эмеспиз. Болгону Алмазбек Атамбаевдин жогорудагы кишилер менен болгон шектүү бизнес байланышы тууралуу фактыларды гана келтирдик.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *