Атамбаевдин сотко келбеген себеби билинди, жактоочулар 27-томду жашыруун кылууну өтүнүштү

    Мезгил

Алмазбек Атамбаев 2 күндөн бери Батукаев боюнча соттук угууларга катышпай жатат. Ал тургай жактоочусу аркылуу догурунуп, ачкачылык жарыялаймын деп коркутканы да маалым. Бүгүн болсо анын жактоочулары жараянды алып барган судьядан 27-томду жашыруун кылууну суранышты. Андагы көрсөтмөлөр сыягы чоң мааниге ээ окшойт. Судья Эмилбек Каипов жактоочулардын суранычын четке какты.

Батукаевдин иши боюнча 19 киши күбө катары өтүп, иш 28 томдон турат. Кыязы 27-томдогу көрсөтмөдө Атамбаев уялганынан жерге кирип кете турган жагдай бар окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *