Атамбаевдин тилин таап сотко алып келүүгө Бекназаровду жиберсекпи?

  Мезгил

Жапалактын жаманы жатып алып ат үркүтөт деген сөз бар. Ошонун сыңары мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев абакта жатып алып Батукаев боюнча соттук угууларга барбаймын дегени ойдо жок жосун болуп жатат. Эгерде Атамбаев ак болсо анда жактоочуларына жайлоонун отун оттотпой, жакага түшүрүп, мыйзам талаасында коргонсо болмок.

Сергей Слесарев дегени “Кылмыш тууралуу мыйзамда тергөөгө алынган кишини сотко күч менен алып келинсин деген норма жазылган эмес” деп оозубузду Ошко каратты.

Кечөө Замир Жоошев деген дагы бир жактоочусу жыландын башын кылтыйтты. Атамбаевди сотко күчтөп алып келе турган болсо ачкачылык жарыялайт экен.

Ал эми Атамбаевдин өзү абакта жатып алып, “Эгер бийлик менин өлүмүмдү күтсө, анда унундай кадамга бара берсин” деп догурунуп жатыптыр. Астапырылла, президент болгон киши да ушинтип сүйлөчүбү? Оозуңдан келмең түшүп калат экен бул сөздү укканда.

Атамбаев кимди укчу эле? Сыягы анын тилин таап, сотко алып келүүгө Азимбек Бекназаровду элчи кылып жиберсекпи? “Алмаз сен ачкачылык жарыялабай, сотко барып берсең, анан үй камагына чыгаруу жагын өзүм президент менен сүлөшүп берем” – деп тилин тапмак беле?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *