Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 9-декабрга чейин камакта калды

   Мезгил

  Кечээ, 2-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасына байланыштуу прокурордун өтүнүчү каралды. Сот аны 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, Сагымбаев Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Ал адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынаништен алынган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *