Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев Алга Кылычов менен беттешкиси келбейт

Мезгил

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов менен беттешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Сагымбаевдин жактоочусу билдирди. 

“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “тергөө ишине тоскоолдук кылуу”, “массалык баш аламандык”  беренелери боюнча шектүү деп айыпталып жаткан Канат Сагымбаев тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр.

-Буга чейин Канат Сагымбаев күбө катары өткөн. Жаза процессуалдык кодекстин нормасына ылайык, ага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү келгенде, экспертиза жүргүзүү керек эле. Бирок, андай болгон жок. Тергөөчү Канат Сагымбаевге экспертиза дайындалганы тууралуу токтомду берди. Бирок, коргоо өкүлдөрүнө кандай экспертиза жүргүзүлгөнүн айтышкан жок-дейт жактоочу Бакытбек Автандил уулу.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 25-сентябрда камакка алынган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат.

Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган.

 Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *