Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды

Мезгил

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

 Маалымдалгандай,  буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди мыйзамдаштырып алган деп шектелүүдө.

 Белгилей кетсек, 2017-жылы А.Атамбаев “Форум” ЖЧКсын сатып, Субихи Пархати деген жарандан 54 миллион сом алган. Мурдагы президенттин каржы эсебин көрсөтүүдө 2017-жылы бул акчалар жазылып турат. Бирок кол алышып жатканда, сатып алуучунун төлөй турган жөндөмү жана акчанын кайдан келип чыкканы текшерилген эмес.

Субихи Пархати “Хуасинь инвестициялык компаниясы” ЖЧКсынын жана “Азия профессионал” ЖЧКсынын ээси. “Каржы министрлигинин ачык бюджети” порталынын маалыматына ылайык, компаниялар экономикалык жактан активдүү эмес, эч кандай киреше салыгын төлөгөн эмес.

Айып коюу актысы А.Атамбаевдин колуна берилген. Бул иште А.Атамбаев 215 (кылмыштуу кирешелерди адалдатуу) беренеси боюнча айыпталып жатат.

“Кылмыштуу кирешелерди адалдатуу” беренеси боюнча эң аз дегенде – 2,5 жыл, көп дегенде – 15 жыл берилет.

Маалымат үчүн:  Пархати Субихи Вуфуерович 1991-жылы 27-майда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.  Атасы апасын өлтүрдү деген шек менен убагында Казакстанга качып кеткен экен. Пархати Урумчидеги таене-таятасынын колунда чоңойгон. Кара-Балта шаарында аны бир туугандары апасы тараптан камкордукка алып, карап жүрүшкөн. Улуту боюнча казак.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *