Атамбавдин “Автомашы” тендерде неге утпай калды?

   Мезгил

Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка таянсак 23-августта тез жардам автоунааларын сатып алуу боюнча экинчи ирет тендер жарыяланган. Анда орус-кыргыз биргелешкен “АБМ-авто” ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылган. Ошентип Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тез жардам унаалары 10,9 миллион сомго сатылып алынмай болду.

 “АБМ-авто” ЖЧКсы 2016-жылы 6-майда кайра каттоодон өткөн. Ээлери – В. Колесников, Г. Колесников жана С. Колесников. Компания автоунааларды сатуу менен иш алып барат.

Мындан тышкары тендерге эл арасында Атамбаевдики делген “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы да катышкан. Ал компания 2012-жылы 25-апрелде кайра каттоодон өткөн. Ээси – “Кыргызавтомаш”. Жетекчиси – Ю. Владимиров. Айыл жана токой чарбасына ылайыкташкан тракторлорду жана анын тетиктерин чыгарат. Бирок бул ишкана тендер жеңишинен куруу калган. Балким Атамбаевдин заманы болгондо ЖЭБге көмүр ташып жеткирген “Рассвет” менен “Прогресс Компани” сыяктуу ийгиликке жетип калар беле?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *