Урмат Барыктабасов президенттен Садыр Жапаровду абактан бошотууну суранды

Мезгил

Коомдук ишмер Урмат Барыктабасов уулун жоготуу өтө чоң кайгы экенин айтып, президенттен камактагы Садыр Жапаровду абактан бошотууну суранды. Ал бул туурасында өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Президент!

Кыргыз эли көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүр. Кыргыздын бычака саптуу бир уулу, бүгүнкү күндө абакта жатат.

Күнөөсү барбы жокбу мен так билбейм, калп айта албайм. Бирок,  элге жагымдуу уулунун бири, элге кереги тийч, Элге жөлөк болчу, балдардын бири деп ойлойм.

Мен саясаттан баш тартып, Элиме жаратман иш менен, жардам берейин деп чуркап жүрөм.  Элдин арасында жүрөм. Ушул көпчүлүк элдин ойуна, мен да кошулат элем. Айкөлдүгүнүзгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп беринизди суранат элем.

Садыр көп нерсеге ойлонуп, түшүнсө керек. Жашоодо ар кандай сыноолор,адашуулар болот экен. Бул балага сыноолор көп болуп кетти окшойт. Атасы баласын жоготуу, бул өтө чоң кайгы. Бир кыргыздын уулу каза болду деп, мен да кайгыга батып отурам…

Гүлү ачыла элек бала, өмүрүнөн ажырады деп ызаа болуп отурам. Сиздин боорукерлигиңизге, айкөлдүгүнүзгө ишенип, кайрылып жатам. Садыр Жапаровду абактан бошотуп беринизди суранат элем. Абакта бир кыргыз жатпаса экен, деген тилегим бар..

Биздин Президентибиз деп кайрылдым, кыргыз элинин жараны катары…

Ден соолугуңуз чын болсун,

Сапарыныз байсалдуу болсун.

Чечиминизге калын Эл сүйүнсүн..

Айкөлдүнүзгө ишенип, урматым менен Урмат Барыктабасов.

P.S. Садыр – иним, жердешим..

Садыр- Элдин улуу. Боорукер бололу, бир боорбуз, бир атанын балдарыбыз. Аталарыбыз чогу суу кечкен. Эр, эркинен ажыраса көтөрөт,

Баладан ажыраган Эр, көтөрүш кыйынга турат. Кайгысын тен бөлүшүп отурам..

Кыргыздын баласы үчүн, күйгөндөр болсо менин кайрылуума кошулуп койуңарды суранат элем.-дейт Барыктабасов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *