Атасы бутун чынжыр менен тушаган 9 жашар кыз балдар үйүнө жайгаштырылды

Мезгил. 

Ош шаарындагы сейил бактарынын биринде бутуна тушалган чынжыры менен жүргөн 9 жаштагы кыздын окуясы күч алды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, кыз учурда “Боорукердик” балдар үйүнө жеке коопсуздугу үчүн жайгаштырылган. Тестиердин абалы азыр жакшы. Аны менен психологдор иштешип, балдарга кошулуп ойноп баштаганы айтылат.  Ал эми атасына карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматына караганда, кыз  шаардагы И.В.Панфилов атындагы орто мектепте  4-класста билим алчу. Ал эми суракта атасы кызынын тентек экенин белгилеген. Апасы ооруксан, кыздын   эки бир тууганы бар. Үй-бүлө жетишпестикте жашашат.

Сот атаны аталык укуктан ажыратышы мүмкүн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *