Аткезчиликке шектелип бажы кызматкери кармалды

Мезгил

Аткезчиликке шектелип бажы кызматкери кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.    

Маалым болгондой, милиция менен Мамлекеттик бажы кызматтынын ички коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан жалпы суммасы 253,5миң долларлык чылымды бажы транзитине макулдугу жок киргизилгендиги тууралуу факты аныкталган.

Бул факты боюнча, мамлекеттик бажы кызматынын   кызматкери М.Б аттуу 38 жаштагы жаран 9-январь күнү кармалган.

 Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *