Депутат: Атмайдандын имараты 1946-жылы курулуптур, азыр анын чалдыбары чыгып калды

    Мезгил

Ордо калаадагы Атмайданда улуттук спорт оюндарына байланыштуу көптөгөн майрамдык ири иш-чаралар өткөрүлүп келет. Тилекке каршы, аын имараты азыр авариялык абалда турат. Аны оңоддого тийиштүү органдар уруксат бербей жатат. Демек, ал жерге жаңы имарат курууга туура келет. Бул тууралуу депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Атмайдандын имараты 1946-жылы курулуптур, азыр анын чалдыбары чыгып калды. Эгерде ал жерде жаңы имарат курулса, улуттук оюндарды көрүүгө келген көптөгөн жарандарыбыз менен меймандарыбызга жагымдуу шарттар түзүлмөк. Бул маселени Өкмөт ойлонуп көрүшү керек», – деди депутат.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *