Атың өчкөн ылаң Аалы агабызды да алып тынды

Мезгил

Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов аты жаман ылаңга туруштук бере албай, бул дүйнө менен кош айтышты. Улуттук комиссиянын аксакалы болгон Аалы агабыз ушул жашына дейре мамлекеттик тил, улуттук адабият, маданият боюнча эт-бетинен кетип, кыргыздын көөнөрбөс тарыхы үчүн опол тоодой ак эмгегин өтөп келген. Кочкордон чыккан сыймыктуу агабызды кыргызга кымбат кезинде таш боор ажал алып тынды.

Кошуңуз Аалыке! Сиздин элесиңиз элиңиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, ыйманыңыз саламат болуп, Жараткан сизди өз мээримине алып, Бейишинен насип кылган болсун!  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *