Атың өчкөн ылаң Айнура Аскарованын үй-бүлөсүн убайымга салып, чочутту

Мезгил

Эл өкүлү Айнура Аскарова алгач көпчүлүк депутаттар сыяктуу парламентте ылаңдын биринчи учуру катталганда эле 14 күндүк карантинге алынган. Карантин оң жыйынтык бергени менен илдет анын укук коргоо органдарында 3 ай үй бетин көрбөй, күн-түн тартип сакчылыгында кызмат аткарган өмүрлүк жолдошуна жабышып, өпкөнүн эки тараптуу пневмониясы менен оор абалда ооруканага түшкөн. Ага удаа Айнура айымдын өзүнүн абалы да бир кыйла оорлоп, ден-соолугу эми-эми аз-аздан калыбына келүүдө. Жараткандын жана ак халатчандардын аркасында гана амандыктан олжо тапкан бул үй бүлө азыр да толук кандуу өздөрүнө келише элек. Айнура айым мындай шартта Жаратканга жалынуу менен “жыт чыгарып” ийбесе болбойт го?

Биз бул үй бүлөгө ириде ден соолук каалайбыз! Ылайым кырсыгынар ушуну менен чыгып, тез сакайып кеткиле!

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *