Австралия жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 34,5миллион доллар бөлөт

Мезгил

 Австралия өкмөтү токойдогу тилсиз жоодон кырылган жапайы жаратылышты калыбына келтирүү боюнча 34,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн каржы өкүлү Джош Фрайденберг билдирди.

“Бүгүн биз алгачкы төлөнүүчү  34,5 АКШ долларын бөлүп  токойдогу өрттөн кийинки жаратылышты калыбына келтирүү боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү үчүн топтор менен биргеликте иш алып барууну пландоодобуз. жатабыз” – деди ал.  

Австалиядагы өрттүн кесепетинен миллиондогон жер тилкелерин, миңдеген үйлөрдү жана 17 адамдын өмүрү кыйылган.  Сидней университетинин эсептөөсү боюнча 1 миллиард жаныбар өлгөн. Айрым аймактарда өрт катуу болгондуктан, коюу туман басып, дем алуу мүмкүн болгон эмес. Жабыр тарткан аймактарга өкмөт авиациянын ВМС кораблдерин жөнөтүп турган. Австралиянын түштүк-чыгыш деңиз жээктери да ири масштабда эвакуацияланган.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *