Австралиядагы өрттөн 1 миллиарддан ашык жаныбар өлдү

Мезгил

Австралиядагы үзгүлтүксүз өрттүн кесепетинен 1 миллиарддан ашык жаныбар өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 Маалыматка ылайык,  800 миллиондон ашык жаныбар Жаңы Түштүк Уэльс штатында өлгөн. Ал эми өлкө боюнча кыйраган жаныбарлардын саны бир миллиарддан ашат. Бирок адистер өлгөн жаныбарлардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн деген божомолун айтууда.

Австралиядагы жалын беш  миллиондон ашык  гектарды каптаган. Акыркы маалыматтарга караганда тилсиз жоодон 25 адамдын өмүрү кыйылган.  Калк жашаган миңден ашуун турак жай күйгөн. Күндүн ысыгы жана шамал өрттү ого бетер күчөткөн.

Кээ бир жерлеринде жалындын күчтүүлүгүнөн улам тик учактар асманда уча албай калган. Австралиянын түштүк-чыгышындагы элдерди коопсуз жерге көчүрүү иштери уланууда.  

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *